«Кумтөр» Нью-Йорктогу соттун чечимине нааразы

Бишкек, 11.06.2021, Sokol.media

«Кумтөр» ишканасы анын атынан АКШда банкроттук процедуранын демилгелениши боюнча нааразычылыгын билдирди. Аталган маалымат компаниянын расмий сайтына жарыяланды.
Анда компания түзүлгөн күндөн тартып өз ишин Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык жүргүзүп келе жатканы айтылат. Бул шарт «Центерранын» менен Кыргызстандын өкмөтүнүн ортосундагы келишимдер менен бекитилгени белгиленет.
«Кумтөрдүн» ишмердүүлүгү Кыргызстандын мыйзамдарына гана баш ийет. Ишкана төлөөгө жөндөмдүү компания жана жакынкы келечекте кендин туруктуу иштешин камсыз кылуу үчүн тейлөөлөрдү көрсөткөн жеткирүүчүлөрү менен өз убагында эсептешүү боюнча жоопкерчиликтен баш тартпайт жана өзүнүн социалдык милдеттенмелерин улантат», — деп айтылат билдирүүдө.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.