Экинчи аял алып, той өткөргөн жаран эсиңиздеби? Ага карата кылмыш иши козголду

Бишкек, 10.06.2021 Sokol.media 

Жалал-Абад облусунуна караштуу Сузак районунда экинчи аял алып, той берген жаранга карата кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Жалад-Абад ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Июндун башында Сузактын тургуну жубайы менен ажырашпай туруп, экинчи аялга үйлөнүп той өткөргөнү тууралуу видео интернетке тараган.

Бул окуя Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 179-беренеси «эки жана андан көп аял алуу» менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган. Учурда Сузак РИИБинин тергөө кызматы тарабынан тиешелүү иш-аракеттер жүргүзүлүп жатат.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.