Депутат Самат Ибраев ыйгарым укуктарынан аша чапканбы? Улуттук банк билдирүү таратты

Бишкек, 11.06.2021, Sokol.media

Улуттук банк, кечээ депутат Самат Ибраев Улуттук банкты жоюу жөнүндө айтып жатып, мыйзамда каралган ыйгарым укуктардын чегинен чыккан деп эсептейт. Бул тууралуу Улуттук банктын өкүлү Аида Карабаева билдирүү таратты.

Анын айтымында, эл өкүлүнүн сөздөрү абсурд жана чындыкка дал келбейт.

Улуттук банктын иши Баш мыйзамга негизделген. Ошол эле учурда, Улуттук банк бүгүнкү күндө эң ачык мамлекеттик органдардын бири болуп саналат. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын каржылык отчету жыл сайын тышкы аудит тарабынан текшерилет жана Жогорку Кеңеш тарабынан бекитилет. 2000-жылдан берки бардык жылдык отчеттор Улуттук банктын расмий сайтында жайгаштырылган. 

“Кыргызстандын Улуттук банкы, банктар жана банк иши жөнүндө” Мыйзамдын 66-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасынын, анын орун басарларынын жана директорлор кеңешинин мүчөлөрүнүн айлык маяналары президент тарабынан белгиленет.

«Ардактуу депутат ар кандай функцияларга жана ыйгарым укуктарга ээ ар кайсы өлкөлөрдүн борбордук банктарынын ишин салыштырып, өзүнүн сабатсыздыгы менен коомчулукту адаштырат. Улуттук банктын көз карандысыздыгы маселеси мамлекеттин эгемендүүлүгү менен ажырагыс байланыштуу, анткени ушул учурда гана Улуттук банк республиканын көз карандысыздыгынын символдорунун бири болгон улуттук валюта — сомду чыгаруунун өзгөчө функциясын аткарат»,— дейт Карабаева.

Маалымат үчүн: кечээ, 10-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Самат Ибраев Улуттук банктын төрагасын камсыздоого айына болжол менен 400 миң сом кетээрин айткан.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.