Баткенде түн ичинде жарандын телефонун уурдап, зордуктаган шектүүлөр кармалды

Бишкек, 11.06.2021 Sokol.media 

Түн ичинде телефонун уурдап, зордуктаганга шектелгендер кармалды. Бул тууралуу Баткен ОИИБинин Басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 4-июнь түнү саат 03.00 чамасында Баткен шаарынын 33 жаштагы тургунунун жашаган үйүнө белгисиз атуулдар бетине маска кийип кирип, аны бычак менен коркутуп, зордуктап, телефонун тартып алып чыгып кеткен.

» “Каракчы” жана “Тоноочу” операцияларынын жүрүшүндө Баткен ШИИБинин криминалдык милиция кызматынын ыкчам кызматкерлери тарабынан Баткен районунун Чоң-Кара айылынын 22 жаштагы А.Б. жана 21 жаштагы А.А. тургундары Баткен район аймагынан аныкталып кармалып, убактылуу кармоо жайына киргизилди», — деп айтылат маалыматта.

Аталган факт  Кыргыз республикасынын Жазык кодексинин 161-беренеси (зордуктоо), 201-беренеси (тоноочулук), 190-беренеси (турак жайга кол тийбестикти бузуу) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Жабырлануучуга тийиштүү экспертиза дайындалып, тонолуп алынган кол телефон өз ээсине кайтарылып, тергөө аракеттери жүрүп жатат.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.