Бүгүн футбол боюнча Европа чемпионаты старт алат

Бишкек, 11.06.2021, Sokol.media

Бүгүн, 11-июндан 12-июнга караган түнү күйөрмандар көптөн күткөн футбол боюнча УЕФАнын Европа чемпионаты башталат.

Өз тарыхында 16-ирет өткөрүлө турган мелдеш өткөн 2020-жылдын 12-июнунан 12-июлуна чейин Европанын 12 шаарында орун алышы керек эле. Бирок коронавирус пандемиясынан улам футбол майрамы быйыл 12-июндан 11-июнга чейин белгиленет.

Европа биринчилиги быйыл Токиодо өткөрүлчү жайкы Олимпиадалык оюндар сыяктуу эле маркетингдик максатта «2020» макамын сактап, ЕВРО-2020 деп аталат. Бул тарыхта чукул кырдаалдан улам кийинкиге жылдырылган алгачкы учур.

Жалпысынан катышып жаткан 24 улуттук курама команда 10 өлкөнүн 11 шаарында жеңиш үчүн оюн талаасына чыгышат. 

Алгачкы беттеш бүгүн түнкү саат 01:00дө Римдеги «Олимпико» стадионунда башталып, анда үй ээлери Италия курамасы Түркияга каршы өз күчүн сынайт.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.