Айзаданын өлүмү: шектүүлөрдүн үчөө мурда соттолгон

Бишкек, 11.06.2021 Sokol.media 

Бүгүн, 11-июнда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда ала качуунун курмандыгы болгон Айзада Канатбекованы уурдоо фактысы боюнча кылмыш иши каралып жатат.

Сотто 5 айыпталуучунун иши каралып жатат. Алар: Сыймык Молдосариев, Кубаныч Токон уулу, Ажыкабыл Рысбай уулу, Замирбек Раманкулов, Орузбек Нурумбетов. Булар Айзаданы ала качкан Замирбек Теңизбаевге жардам беришкен.

Учурда айыпталуучулар көрсөтмө берип жатышат. Көрсөтмө берип жаткан учурда судья тарабынан мурда сот жообуна тартылдыңар беле деген суроо берилди. Анда 5 айыпталуучунун ичинен үчөө мурда сот жообуна тартылганын билдиришти.

Сотко Айзада Канатбекованын апасы, таежеси жана жеңеси катышууда.

Соттук отурумда сүрөткө жана видеосъемка тартууга судья тарабынан тыюу салынды.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.