500 доллар пара алып жаткан жеринен ИИМдин тергөөчүсү кармалды

Бишкек, 11.06.2021 Sokol.media 

Пара алуу фактысы боюнча ИИМдин тергөөчүсү кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарындагы коррупцияга байланыштуу кылмыштарды аныктоо, алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында, КР ИИМ тергөө кызматынын тергөөчүсү жазык ишине катышкан адамга карата жазык куугунтугун токтотуу үчүн акча каражатын талап кылгандыгы аныкталды.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 326-беренеси «опузалап пара алуу» менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган.

«9-июнда өзүнүн кызматтык бөлмөсүнөн 500 доллар өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен милициянын полковниги Э.У. аттуу жаран кармалды. Кармалган адам УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат», — деп айтылат билдирүүдө.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.