«Торугарт» жана «Эркеч-Там» көзөмөл-өткөрүү бекеттери убактылуу иштебейт

Бишкек, 11.06.2021 Sokol.media 

Кыргыз-кытай чек арасындагы «Торугарт» жана «Эркеч-Там» көзөмөл жүргүзүү бекеттери жүк ташуучу унаалар үчүн 14-июнь күнү жабылат. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, бул күндөрү Кытайда «Ажыдаарлар кайыгы фестивалы (күрүч майрамы)» белгиленет.

Аталган чек ара пунктулары кайра эле 15-июнь күнү ишин жандантат.
Эске салсак, учурда «Торугарт» жана «Эркеч-Там» көзөмөл жүргүзүү бекеттери өзгөчө алгоритм менен иштеп жатат.

Тагыраагы, бул жерлерден Кытайдан Кыргызстанга алып келе жаткан товарлар гана өткөрүлөт.

Булак: sputnik.kg

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.