Жыл башынан бери өлкөгө канча унаа киргизилген? Каттоо кызматынын жообу

Бишкек, 10.06.2021, Sokol.media

 Кыргызстанда соңку 5 айда чет өлкөдөн алынып келинген 16 миң жаңы унаа катталган. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынан кабарлашты.

«1-июнга карата маалымат боюнча, 170 565 транспорт каражатын каттоо иши өткөрүлгөн. Алардын 15 973ү өлкөгө жаңы киргизилген болсо, калган 153 миңи кайра катталган унаалар. Мунун ичинде жараксыз абалга келген жана өлкөдөн чыгып кеткен каражаттардын саны дагы бар», — деп белгилешти мекемеден.

Жыл башынан бери айдоочуларга 230 миң мамлекеттик номер ыйгарылып, 140 миңге чукул техникалык каттоо тууралуу күбөлүк берилген.

Кошумчалай кетсек, 1-июндан тартып өлкөдө унааларды кайра каттоо боюнча улуттук кампания башталган. Ага ылайык, айдоочу унаа номерин кошо алмаштырса, жалпы — 1360 сом, өзгөрүүсүз кала турган болсо — 460 сом төлөйт.

Транспорт каражаттарын кайра каттоо боюнча жеңилдикке илинүүнүн башкы шарты — бардык карыздарды төлөө.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.