Жалал-Абад ОИИБинин ардагерлери Баткенге акчалай колдоо көрсөтүштү

Бишкек, 10.06.2021 Sokol.media

Жалал-Абад ОИИБинин ардагерлери Баткендеги чек ара жаңжалында өрттөлгөн милициянын аймактык пунктуна 86 миң сом акчалай колдоо көрсөтүштү. Бул пункт Максат айылында жайгашып, Лейлек РИИБдин Кулунду аймактык милиция бөлүмчөсүнө карайт.

Жалал-Абад ОИИБинин Басма сөз кызматынан кабарлашкандай, акчалай каражат Жалал-Абад областынын аймагында жашаган ИИОнун ардагерлери тарабынан Баткенге колдоо көрсөтүү максатында чогултулган. Топтолгон каражатты Жалал-Абад ОИИБинин Ардагерлер кеңешинин төрагасы милициянын отставкадагы полковниги Капарбек Исаков, Сузак РИИБинин Ардагерлер кеңешинин төрагасы милициянын отставкадагы майору Сүйөркул Бакиров, жана ИИОнун ардагери милициянын отставкадагы подполковниги Аззам Ниязбаевдер тапшырышты. 

Белгилей кетсек, Максат айылындагы милициянын аймактык пункту чек ара чырында талкаланып, учурда өздүк курам тарабынан оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлүүдө. 

 

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.