Өзбекстандан ЛГБТ өкүлдөрү депортацияланышы мүмкүн

Бишкек, 10.06.2021 Sokol.media

Өзбекстан парламентинин депутаты Алишер Кадыров ЛГБТ өкүлдөрүн жарандыктан ажыратып, өлкөдөн депортация кылууну сунуштады. Бул тууралуу Eurasianet басылмасы жазды.

Кадыров «Alter Ego» аттуу YouTube-каналга берген маегинде ЛГБТ өкүлдөрүн жарандыктан ажыратуу — башка өлкөлөрдү аларды баш калка менен камсыз кылууга милдеттендире турганын билдирген.

«Бул сунушумду социалдык түйүндөргө чыгаргандан кийин мага ондогон киши кайрылды. Алардын баары ЛГБТ өкүлдөрү. Алар: «Бул туура сунуш, биз Өзбекстанды ЛГБТ өкүлдөрүнө кылган мамилеси үчүн айыптаган өлкөлөргө виза ала албайбыз» деп айтышты. Бул маселени чечип, аларды биздин коомдо калтырбашыбыз керек. Бул дүйнөлүк тажрыйба. Дүйнөнүн 26 өлкөсүндө ЛГБТ өкүлдөрүн өлкөдөн чыгаруу чаралары колдонулат. Мисалы, Иран менен Сауд Аравиясында аларды өлүм жазасына тартышат», – деди Кадыров.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.