Токмокто батирдин ичинен 60 жаштагы аял кишинин сөөгү табылды

Бишкек, 10.06.2021 Sokol.media

Чүй облусунун Токмок шаарындагы батирлердин биринде аял кишинин сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, ӨКМге 10-июнь күнү түнкү саат 00:07 чамасында Токмок шаарынын 3-кичи районунда батирдин эшиги бекилип калгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн.
Куткаруучулар айтылган дарекке барып эшикти ачканда, батирдин ичинде 1961-жылы туулган аял кишинин сөөгү табылган. Анын аты-жөнү аныкталгандан кийин Токмок ШИИБинин кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

 

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.