Түштүк Кореяда кулаган имараттын кесепетинен 9 адам көз жумду

Бишкек, 10.06.2021 Sokol.media

Түштүк Кореянын Кванджу шаарында адам өмүрү кыйылган кырсык болду. 5-кабаттуу имарат автобустун үстүнө урап, 9 адам көз жумса, 8 адам ар кандай жаракат алган. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, жүргүнчү ташыган автобус жарактан чыгарыла турган имараттын алдына токтогон. Ошол учурда ал кулап түшкөн. Имараттагы бардык жумушчулар алдын ала эвакуацияланган.

Өлкөнүн президенти Мун Чжэ Ин окуяны кылдат иликтөөгө буйрук берген.

 

 

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.