Бишкекте сот тарабынан коё берилген Түркиянын жараны Интерпол тарабынан Сербияда кармалды

Бишкек, 10.06.2021, Sokol.media

Интерполдун жүргүзгөн издөө иштеринин натыйжасында Белград шаарынын аэропортунан 1988-жылы туулган Түркиянын жараны Ч. О. кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, аталган жаран Интерпол агенттиги аркылуу жашы жете элек өспүрүмгө сексуалдык зомбулук көрсөтүү жана Түркиянын аймагында адам уурдоого шектелип, 2011-жылдан бери издөөдө жүргөн.

Өткөн жылдын 20-августунда кылмышка шектүү Кыргызстанда кармалып, Башкы прокуратура аны Түркияга өткөрүп берүү боюнча иш алып бара баштаган. Бирок 11-ноябрь күнү Бишкек шаардык соту Ч. О.’ну экстрадициялоо ишин токтотуу боюнча чечим кабыл алган. Буга жарандын «качкын» статусун алуу үчүн Миграциялык кызматка кайрылганы себеп болгон. Андан бери анын кайда жүргөндүгү белгисиз болуп келген.

Учурда тиешелүү иш-чаралар уланууда.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.