Сооронбай Жээнбековдун камалышын талап кылгандар митингге чыгышты 

Бишкек, 10.06.201 Sokol.media 

Бүгүн, 10-июнда мурдагы президент Сооронбай Жээнбековдун камалышын талап кылгандар Ак үйдүн алдына митингге чыгышты. 

Алар колдоруна «Сооронбай Жээнбеков экс макамга татыксыз»,  «Үмүттүн өлүмүнө ким жооп берет?», » 5-6-октябрда жаракат алгандарга дарылануу, реабилитация керек» деген жазууларды кармап алышкан.

Эске салсак, 2020-жылдын 4-октябрында Кыргызстанда кезектеги парламенттик шайлоо өткөн. Анын жыйынтыгына нааразы болгон партиялардын митинги 6-октябрга караган түнү президенттик аппараттын жана парламенттин кеңсеси жайгашкан имараттарды ээлеп алуу менен аяктаган.

Башаламандык учурунда абакта отурган мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, азыркы президент Садыр Жапаров баштаган бир катар саясатчылар бошотулган.

Кагылышта жүздөгөн адам түрдүү жараат алып, алардын отузга жакынынын көзүнө ок тийген. 19 жаштагы Үмүтбек Алтынбек уулу катуу жараат алып каза болгон.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.