Саматбек Ибраев: «Улуттук банкта реформалоо жок»

Бишкек, 10.06.2021 Sokol.media

Бүгүн, 10-июнда Жогорку кеңештин жыйынында депутат Саматбек Ибраев Улуттук банктын ишмердүүлүгүн сындады. 

«Министрлер кабинетин Улуттук банктын ишмердүүлүгүнө өзгөчө көңүл бурууга чакырам. Протоколдук тапшырма берүү керек. Анда 705 адам иштейт экен. Улуу Британияда 2 миң 200 киши иштейт экен. Алардын 36 миң кишиге 1 киши иштеп жатат. Бизде Кыргыз мамлекетинде Бишкекте эле 9 миң кишиге бир кишини алып отурушат. Улуттук банкта реформалоо жок. Былтыркы пандемиядагы ишине баа бериш керек. Улуттук банктын иштерин карап чыгуу шарт», — деди ал.

 

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.