Садыр Жапаровго Анкарадагы университеттин «Ардактуу профессору» наамы ыйгарылды

Бишкек, 10.06.2021 Sokol.media 

Бүгүн, 10-июнда Президент Садыр Жапаровго Анкара шаарындагы Экономика жана технология университетинин «Ардактуу профессору» наамы ыйгарылды. Бул тууралуу президенттин администрациясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, соода палаталары жана товардык биржалар бирлигинин президенти жана камкорчулар кеңешинин төрагасы Рифат Хисаржыклыоглу Садыр Жапаровго «Ардактуу профессор» наамынын диплому менен мантиясын тапшырган.

Мантия салтанаттуу тапшырылгандан кийин Садыр Жапаров университеттин сый-урматы үчүн ыраазычылыгын билдирип, бул наам ага чоң сыймык экенин айтты.

«Салтанаттуу иш-чарадан кийин Садыр Жапаровдун атынан Экономика жана технология университетинин аймагында мурда Түркия Республиканын президенти Режеп Тайып Эрдоган отургузган бактын жанына бак отургузулду», — деп айтылат маалыматта.

 

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.