Региондордо вируска каршы вакцинанын тартыштыгы байкалууда

Бишкек, 10.06.2021, Sokol.media

Өлкө аймагындагы жашоочулар коронавирус илдетине каршы дары каражаттарынын тартыштыгына туш болууда. Бул тууралуу Республикалык иммунопрофилактика борборунун башкы адиси Азим Кыргызбаев айтып чыкты.

«Азыркы учурда өлкө боюнча бар болгон вакцина өз убагында жеткирилүүдө. Дары-дармектин жетишсиздигинен улам 137 гана эмдөө борборлору ачылган. Кытайдан алынып келинген Sinopharm вакцинасынын 150 миң дозасы 75 миң адамга гана жетет. Ал эми орусиялык 40 миң даана «Спутник» каражаты 20 миң кишиге ылайыкталган. Ири шаарларда болсо аталган вакциналардын алгачкы дозалары түгөндү. Учурда экинчи доза менен эмдөө башталды. Саламаттыкты сактоо министрлигинин буйругуна ылайык, дары каражаты эң биринчи кезекте медиктер менен укук коргоо органдарынын кызматкерлерине сайылууда. Ал эми Бишкек шаары «кызыл» зонага киргизилгендиктен жана чет өлкөгө чыгуу алдында эмделүүнү көздөгөндөрдүн көптүгүнөн дарынын көп бөлүгү борбор калаага бөлүнүп берилген. Бирок аймактар да көңүл сыртында калган жок», — деп билдирди ал.

Андан сырткары, адис соңку учурда вируска каршы каражат алууну каалаган кыргызстандыктардын саны көбөйүп жаткандыгын баса белгиледи.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин соңку маалыматына ылайык, өлкөдө 88 миң жаран эмделди. Алардын эң көбү — Бишкек шаарына туура келсе, эң азы — Баткенде.

Буга чейин, министр Алымкадыр Бейшеналиев 2021-жылдын сентябрына чейин миллион киши вируска каршы эмдөө ала тургандыгын билдирген.  

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.