Орхан Инандынын жоголушу: Жапаров менен Эрдоган бул боюнча сүйлөштүбү? Басма сөз кызматынын жообу

Бишкек, 10.06.2021, Sokol.media

Өлкө башчысы Садыр Жапаровдун басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев 31-майда Орхан Инандынын жоголушу боюнча Анкарада сөз болуп-болбогондугу тууралуу суроолорго жооп берди.

«Президент кесиптеши Режеп Тайип Эрдоганга өлкөдө дайынсыз жоголгон Орхан Инанды боюнча суроо берди. Ал эми Эрдоган аны билбей тургандыгын, бул боюнча эч кандай маалыматы жок экендигин жана Фетхуллах Гуленге байланыштуу эч нерсе уккусу келбегендигин билдирди».

Белгилүү болгондой, түрк лидери эки тараптуу жолугушуулардын жүрүшүндө ФЕТО боюнча кеп козгоду. Маалымат жыйынында Эрдоган террордук уюмдарга, анын ичинде ФЕТОго каршы эки аймакта биргелешкен катуу күрөш жүргүзүлө тургандыгын баса белгиледи.

Эске салсак, түрк мамлекети 31-май күнү Бишкекте дайынсыз жоголгон «Сапат» лицейлеринин негиздөөчүсү Орхан Инандыны «Фетхуллах Гүлендин террордук уюмуна мүчө» деп тааныган. Бирок буга расмий далилдер көрсөтүлгөн эмес.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.