Мас абалда унаа башкаргандар айдоочулук күбөлүктөн ажырашы ыктымал

Бишкек, 10.06.2021, Sokol.media

Бүгүн, 10-июндагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Айбек Осмонов мас абалында рулга отурган жарандарды айдоочулук күбөлүгүнөн ажыратууну сунуштады.

Ал белгилегендей, өлкөдө 2004-2014-жылдар аралыгында 10 миң адам жол кырсыгынан улам көз жумган.

«Каза болгон айдоочулардын көпчүлүгү спирт ичимдиктерин ичкен абалда болушкан. Мындай айдоочуларды айдоо күбөлүгүнөн ажыратып, же болбосо 150 миң сом айып пул салуу керек. Мисалы, Казакстан менен Орусияда дароо ажыратылат.», — деди ал.

ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо Башкы башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Ыманалы Саркулов депутаттын пикирин колдой тургандыгын айтып, азыркы учурда Башкы прокуратура 3 жылга чейин унаа айдоого тыюу салуу боюнча долбоор даярдап жаткандыгын кошумчалады.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.