Кыргызстанга кирүүдөгү эрежелер аныкталды. Кандай документтер керектелет?

Бишкек, 10.06.2021, Sokol.media

Кыргыз өлкөсүнө кирүүдөгү аракеттердин алгоритми бекитилди. Бул тууралуу Экономика жана финансы министрлигинин алдындагы Туризм департаментинен маалымдашты.

Белгиленгендей, 8-июнь күнү Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги, Туризм департаменти, ТИМ, Чек ара кызматы, УКМК, Транспорт министрлиги жана «Манас» аэропортунун биргелешкен буйругу жарык көрдү.

Иштелип чыккан алгоритм кыргызстандыктарга, чет өлкөлүк туристтерге, жарандыгы жок тараптарга, Кыргызстандын чек арасынан өтүп жаткандарга жана ички авиажолдордо каттамга чыккандар үчүн иштейт.

Өлкөгө киргендердин жанында 72 саат ичинде алынган  ПЦР тестинин жыйынтыгы же вируска каршы эмдөө алгандыгы тууралуу маалым кат (кагаз же санариптик түрдө) болушу керек.

Департаменттен белгилешкендей, коопсуздук үчүн 5 жаштан жогорку балдар үчүн дагы ата-энелер жогоруда көрсөтүлгөн талапты аткарышы керек.

Эмдөө алган туристтер 11-июндан тартып транспорт каражаттары, ал эми 19-июндан тартып аба каттамдары аркылуу өлкө аймагына кире алышат.

 

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.