«Колун жүрөгүнө коюп, кол булгап». Ажолордун коштошуусу жүрөк жылытты

Бишкек, 10.06.2021 Sokol.media 

Бүгүн, 10-июнда Президент Садыр Жапаров Түрк лидери Режеп Тайып Эрдоганды расмий иш сапар менен Кыргызстанга келип кетүүгө чакырып, жылуу маанайда коштошту.

Белгилей кетсек, расмий иш сапардын алкагында Президент Садыр Жапаровдун Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынынын төрагасы Мустафа Шентоп менен жолугушуусу күтүлүүдө.

Мамлекет башчы ошондой эле кыргыз-түрк бизнес форумуна катышат.

Мындан тышкары, Садыр Жапаров Кыргыз Республикасынын Түркияда иштеген жарандары, студенттер, диаспоралардын, коомдук бирикмелердин жана уюмдардын өкүлдөрү менен жолугуша тургандыгы белгилүү болду.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.