Кой-Таш окуясында жабыркаган Курманкуловго генерал-майор погону тапшырылды

Бишкек, 10.06.2021 Sokol.media 

Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын мурдагы башчысы Самат Курманкуловго генерал-майор погону тапшырылды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.

Кечээ, 10-июнда, Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов жана ички иштер министри Улан Ниязбеков Курманкуловдун үйүнө барып, үй-бүлөсү менен жолуккан. Марат Иманкулов Самат Курманкуловдун ден соолугун сурап, тезирээк сакайып, кызматына кайтып келүүсүн тиледи.

Жолугушуунун соңунда Коопсуздук кеңешинин катчысы президент Садыр Жапаровдун атынан Самат Курманкуловго милициянын генерал-майору погонун тапшырган.

Белгилей кетсек, президенттин 2021-жылдын 5-мартындагы жарлыгы менен Чүй облусунун мурдагы ИИББ башчысы Самат Курманкуловго «милициянын генерал-майору» жогорку атайын чени берилген.

Эске салсак , Курманкулов мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо учурундагы операцияда башына таш тийип жабыркаган. Комага түшүп калган милиционер-жетекчиге Бишкек шаардык травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунда эки ирет операция жасалып, Москвадан да адистер чакырылган. Кийин аталган шаарга которулуп, дарылануусун уланткан. Бир аз убакыттан кийин Курманкулов өзүнө келип, абалы жакшыра баштаганы белгилүү болгон. Кийин ИИМ жетекчиси Москвага барып, Самат Курманкуловго ыйгарылган «Эрдик» медалын тапшырып кайткан.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.