Эрдоган: «Түркия жана Кыргызстан өлкөлөр ортосундагы аба каттамдар көбөйөт»

Бишкек, 10.06.2021 Sokol.media 

Түркия жана Кыргызстан өлкөлөр ортосундагы аба каттамдар көбөйөт. Бул тууралуу Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган Анкарада Садыр Жапаров менен жолугушуунун жыйынтыгы боюнча бирдиктүү маалымат жыйынынын учурунда билдирди.

Анын айтымында, түрдүү тармактарда эки тараптуу кызматташтыкты бекемдөөгө жана өнүктүрүүгө багытталган бир катар документтерге кол коюлду.

«Мен кызматташтыктын артында бардык чөйрөдө мамилелерибизди бир топ алдыга жылдырабыз деп ишенем. Ошондой эле,  жакын арада Түркия менен Кыргызстандын ортосундагы аба каттамдарды көбөйтөбүз», — деди түрк лидери.

 Мындан тышкары, Түрк мамлекетинин башчысы кесиптешин Кыргызстандын эгемендигинин 30 жылдыгы менен куттуктады. Президент Эрдоган Түркия  Кыргызстандын эгемендигин алгачкылардан болуп тааныган өлкө экенин эске салды.

 

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.