Эми Бишкектен Балыкчыга поезд аркылуу жетүүгө болот (баасы жана күндөрү)

Бишкек, 10.06.2021, Sokol.media

18-июндан тартып, аптанын жума, ишемби жана жекшемби күндөрү Бишкектен Балыкчыга поезд аркылуу сапарга чыкса болот. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» ишканасынын басма сөз кызматынан маалымдашты.

Поезд саат 7:00дө «Бишкек-1» станциясынан жолго чыгып, саат 11:59да «Рыбачье» станциясынан жүргүнчүлөрүн түшүрөт. Кайра ошол эле күнү саат 17:15те борборду көздөй сапар алган темир жол курамы саат 22:03тө өз ордуна келет.

Бишкек-Балыкчы каттамы боюнча жол киренин баасы:

  • 5 жашка чейинки балдар үчүн — акысыз (бир чоң адамдын жанындагы 1 балага)
  • 5 жаштан 10 жашка чейинкилерге — 34 сом
  • 10 жаштан жогору бардык жарандар үчүн — 69 сом

Кошумчалангандай, пандемияга байланыштуу жүргүнчүлөр бет кап тагынууга тийиш жана алардын вагондор арасында кыймылдоосуна тыюу салынат.

Маалымат үчүн байланыш телефону: 

  • (312) 92-68-40;
  • (312) 92-68-54

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.