Депутат: «Улуттук банктын төрагасын камсыздоого айына 400 миң сом кетет»

Бишкек, 10.06.2021 Sokol.media 

Депутат Самат Ибраев бүгүн, 10-июнда Жогорку Кеңештин отурумунда Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов жана Улуттук банктын башкармалыгынын мүчөлөрү кандай кирешелер менен жашап жаткандыгы жөнүндө айтып берди.

Анын айтымында, 2020-жылы Улуттук банк Башкармасынын мүчөлөрүнүн жалпы эмгек акысы  27 миллион 960 миң сомду түзгөн.

«Сый акыга эмгек акы жана бардык төлөмдөр кирет. Эгерде бул сумма Улуттук банктын 7 мүчөсүнө бөлүнсө, анда башкарманын ар бир мүчөсүнө орто эсеп менен 332 миң 852 сом керектелет.  Бул суммага жол чыгымдары жана эл аралык рейстердин чыгымдары, жеке унаалардын техникалык тейлөөсү, айдоочулардын эмгек акысы кирбейт», — деди ал.

Анын айтымында,  Улуттук банктын төрагасын камсыздоого айына болжол менен 400 миң сом кетет.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.