Азамат! Айсулуу Тыныбекова Польшадагы мелдештин финалына чыкты (видео)

Бишкек, 10.06.2021, Sokol.media

Кыргызстандык Айсулуу Тыныбекова Польшада эркин күрөш боюнча өтүп жаткан Poland Open ачык мелдешинин финалына жолдомо алды. Бул тууралуу Дүйнөлүк Күрөш федерациясынын расмий сайты жазып чыкты.

Тыныбекова 62 килограмм салмакта алгачкы атаандашы, орусиялык Любовь Овчарованы 14:8 эсебинде утуп, жарым финалга бет алды. Андан кийинки баскычта 3:1 эсеби менен дагы бир орусиялык спортчу Светлана Липатованы утуп чыккан.

Финалда биздин спортчу канадалык Ана Годинез менен кез келет.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.