Аида Касымалиева: «Өткөн аптада депутаттардын кармалышы кол тийбестик боюнча мыйзамга каршы келет»

Бишкек, 10.06.2021 Sokol.media

Вице-спикер Аида Касымалиева өткөн аптада депутаттардын кармалышы кол тийбестик боюнча мыйзамга каршы келерин айтты.. Бул тууралуу ал бүгүн, 10-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

«Өткөн аптада Жогорку Кеңештин депутаттардын кармоо боюнча Баш мыйзам бузулган. Жаңы Конституция боюнча депутаттардын кол тийбестиги күчөтүлгөн. Ал кылмыш жасап жаткан учурда кармалбаса, мындайда көпчүлүк депутаттардын макулдугу менен кармалышы керек. Бул боюнча протоколдук тапшырма тийиштүү комитеттерге берилди. Депутаттардын кол тийбестиги боюнча мыйзам сакталышы керек. Ошондуктан СИЗОдо кармоо мыйзамсыз. Мындай учурда депутаттар үй камагында болушу керек болчу. Бул боюнча Жогорку Кеңеш, тийиштүү комитет жообун бериши зарыл. Муну биз талап кылабыз», — деди ал.

 

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.