Агасы арыз жазып… 16 жаштагы окуучуну топ балдар сабап кетишкен

Бишкек, 10.06.2021, Sokol.media

Жалал-Абадда мектеп окуучусун топ балдар сабап кетишти. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБден билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ноокен РИИБине 31 жаштагы райондун тургуну арыз менен кайрылган. Ал өз арызында 1-июнь күнү саат 14:00 чамасында 2005-жылы туулган инисин топ балдар уруп койгондугун билдирген.

Окуя Ноокен РИИБине катталып, Жазык кодексинин 266-беренеси менен кылмыш иши козголгон. Жабырлануучу алган жаракатынан улам ооруканага жаткырылган. Окуяга катыштыгы бар балдардын өздүктөрү такталып, учурда тергөө амалдары уланууда.

 

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.