Африкада тургундарды коронавируска каршы суу менен эмдешкен

Бишкек, 10.06.2021, Sokol.media

Кениялык дарыгерлер жергиликтүү тургундарды коронавирус илдетине каршы вакцина менен эмес, суу менен эмдеп, аны менен катар акча талап кылышкан. Бул тууралуу чет элдик басма сөз каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, аталган өлкөнүн жашоочулары британиялык AstraZeneca вакцинасын акысыз алууга укуктуу. Эмдөө иштери мамлекет тарабынан аккредитацияланган атайын медициналык борборлордо гана өткөрүлүп келген. Бирок дары каражатынын тартыштыгынан улам айрым дарыгерлер кениялыктарга акча үчүн эмдөө алууну сунуштап, вакцинанын ордуна сууну колдонушкан.

Ал эми министр тургундарды вакцина үчүн акча төлөбөөгө жана акысыз дарыны күтө турууга чакырды. Учурда аталган факт боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иштери башталды.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.