Жылдыз Бакашова COVID-19 менен күрөшүү боюнча республикалык ыкчам штабды жетектейт

Бишкек, 11.05.2021 Sokol.media 

Kыргызстанда COVID-19 менен күрөшүү жана кесепеттерин жоюу боюнча Республикалык ыкчам штабдын төрагасынын милдети министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашовага жүктөлөт. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов Facebook баракчасы аркылуу кабарлады.
 «Биз коронавирус инфекциясы менен ооругандардын саны жогорулап жаткандыгын байкап жатабыз. Бүгүнкү күндө Бишкек шаарында жана Чүй облусунда оору күч алды. Тилекке каршы, күн сайын жарандарыбыздан айрылып жатабыз. Пандемия коомдун ар бир мүчөсүнөн аң-сезимдүүлүктү, жөнөкөй санитардык эрежелерди сактоонун маанисин түшүнүүнү жана кабыл алууну талап кылууда», — деп жазган Марипов.

Ошондой эле министрлер кабинетинин төрагасы вакцинациялоо темпин тездетүү керектигин белгиледи. Эске сала кетсек, Коронавирус инфекциясынын жайылышына каршы күрөшүү боюнча республикалык ыкчам штабды буга чейин азыркы министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Артем Новиков жетектеп келген.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.