Ысык-Көл облусуна жаңы ыйгарым укуктуу өкүл дайындалды

Бишкек, 11.05.2021 Sokol.media

Ысык-Көл облусунун жаңы ыйгарым укуктуу өкүлү кызматына Мирбек Кожоев дайындалды. Бул тууралуу ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Белгиленгендей, Мирбек Кожоев буга чейин Кыргызстандын Президентинин Аппаратынын мамлекеттик башкаруу саясаты жана уюштуруу-инспектордук иштер бөлүмүнүн өнүгүшүнө мониторинг жүргүзүү секторунун башчысынын орун басары болуп иштеген.

Бүгүн, 11-майда ал коллективге тааныштырылат.

Белгилей кетсек, Кыдыкбек Исаев Ысык-Көл облусунун губернатору болуп эмгектенген кезде Кожоев анын жардамчысы болгон.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.