Тарых музейи немис компаниясына болгон карызы үчүн токтоп турабы?

Бишкек, 11.05.2021 Sokol.media 

Кечээ, 10- майда тарых музейинде Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо комитетинин көчмө жыйыны болуп өттү. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы кабарлады.
Жыйында маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев баяндама жасады. Министрдин баяндамасында, музейди реконструкциялоого мамлекеттик бюджеттен 1,5 миллиард сом бөлүнгөн. Андан тышкары түрк кызматташтык жана координация агенттигинен ( ТИКА) калыбына келтирүү иштерине 150 млн доллар алган, ал каражат имараттын сыртын жасалгалоо иштерине жумшалган.
Ошондой эле музейге эмерек, экспонаттарды койгон «Vitrinen — und Glasbau REIER » немис компаниясына 225 миң евро карызы бар экени айтылды. Музей толугу менен электрондук башкарууга өткөрүлгөн. Учурда карыз төлөнө элегине байланыштуу программаларынын ачкычтары аты аталган немис компаниясында.
Жыйындын жүрүшүндө ЖК депутаты Кожобек Рыспаев көйгөйлөрдү тез чечүүнү сунуштап, өз сөзүндө: » Vitrinen-und Glasbau REIER» компаниясына 225 миӊ евро карызды мамлекеттик органдар бири-бириӊерге жүктөбөй, баарын биргелишип чечкиле», — деди.
Ал эми, депутат Бейшенаалы Нурдинов тарыхый мекемени оңдогондордун ишин сынга алып, оңдоо иштери бүтпөй жатып чекесинен урай баштаганын айтты.

Эл өкүлдөрү тарых музейин Кыргызстандын эгемендүүлүк күнүнө карата, тактап айтканда, ушул жылдын 31- августунда ишке киргизүү керек экендигин белгилешти.
Комитет кийинки жыйынга ТИКАнын өкүлдөрүн дагы чакыруу чечимине келишти.

Эскерте кетсек, музей 2016 — жылы 25- майда жабылган.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.