Сот аткаруучулар сатылган мүлктөн мамлекетке чегериле турчу 10 % пайызды өздөрүнө алып калышкан

Бишкек, 11.05.2021 Sokol.media

Ысык- Көл районундагы сот аткаруучулар Кара- Ой айылында жайгашкан пансионаттын мүлкүн сатышкандан кийин, сатылган мүлктөн мамлекетке чегериле турчу 10% пайызды өздөрүнө алып калышкан. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан маалымдашты.

Текшерүү иштеринин жыйынтыгында сот аткаруучулар мамлекетке 1млн 173миң 634 сом зыян келтиришкени аныкталды.

Прокурордук актынын негизинде келтирилген зыян толугу менен өндүрүлдү.
Аталган факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестирине катталып, тергөө иштери жүрүүдө.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.