Максат айылында өрттөлгөн үйлөрдүн ордуна жаңы турак үйлөрдүн курулушу башталууда

Бишкек, 11.05.2021 Sokol.media

КРнын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев Лейлек районунун Максат, Сада, Интернационал айылдарында жумушчу сапар менен барды. Бул тууралуу КР Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Ыйгарым укуктуу өкүл, КРнын Президентинин чек ара аймактарын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча Баткен облусундагы атайын өкүлү Мамыржан Рахимов менен бирге, куралдуу жаңжалдын кесепеттерин жана калыбына келтирүү жумуштарынын жүрүшүн жеринде көрүп чыгышты.

Иш сапардын алкагында ыйгарым укуктуу өкүл Максат айылынын эли менен жолукту. Бул күндөрү облустун чек ара аймактарында орун алган окуяга байланыштуу түзүлгөн, калыбына келтирүү жумуштарын жүргүзүү боюнча облустук комиссия иштеп, жетекчилер, жергиликтүү тургундар менен бирге маселелер талкууланды.

Абдикарим Алимбаев, жергиликтүү тургундарды сабырдуулукка чакырып, аймакта коомдук коопсуздукту камсыздоого өзгөчө көңул бурулаарын, кыска аралыкта турак үйлөрдү куруу, жарандардын жоголгон документтерин берүү иштери аткарылаарын белгиледи. Ошондой эле курулуш компанияларынын өкүлдөрү менен жергиликтүү жетекчилерге, тазалоо иштери аяктаган жерлерде, турак үйлөрдүн курулушун баштоону тапшырды. Турак үйлөрдүн курулушун бүгүн 11-майда баштоо пландаштырылды.

Жергиликтүү тургундар, азык түлүк, кийим кече, турмуш тиричиликке керектүү болгон жардамдар жетиштүү берилип жатканын, калыбына келтирүү жумуштары жүргүзүлүп, мамлекет тарабынан көрсөтүлүп жаткан колдоолор үчүн ыраазычылыктарын билдиришти.

Болуп өткөн окуядан Максат айылында 89 үй, мектеп, бала бакча, ФАП, милициянын аймактык пункту, айыл башчынын имараты өрттөлүп, жараксыз абалга келген.

Азыркы учурда айылда 50гө жакын убактылуу үйлөр тигилген. Электр энергия калыбына келтирилип, таза суу, сугат суу берилип жатат.

Максат айылында 1200 эл, 288 кожолук жашайт. Айылда чек арадагы жаңжалда бир жаран каза болгон.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.