Кыргыз балбандары Казакстанда өткөн эл аралык мелдеште 3 медаль тагынды

Бишкек, 11.05.2021 Sokol.media

Кыргыз Республикасынын грек- рим күрөшү боюнча жаштар курама командасынын балбандары Казакстандын борбор калаасы Нур- Султанда өткөн эл аралык мелдеште 3 медаль тагынышты. Бул маалыматты Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттиги кабарлады.

Мелдеште Орункул уулу Бекзат 82 кг салмакка чейинки категорияда 1- орунду багынтты. Ал эми 97 кг салмакка чейинки категорияда Артык Орозбеков жана 130 кг салмакка чейинки категорияда Давран Садыков күмүш медаль тагынышты.

Мелдеште Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Украина, Грузия жана Кыргызстандын балбандары күч сынашты.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.