Өкмөт кумшекерге жана өсүмдүк майына болгон бааны жөнгө салат

Бишкек, 11.05.2021 Sokol.media

Coциалдык жактан маанилүү тамак-аш продуктуларынын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу максатьнда социалдык жактан маанилүү товарлардын айрым түрлөрүнө карай бааларды убактылуу мамлекеттик жөнгө салуу киргизилди. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Максималдуу үстөктү белгилөө менен өсүмдүк күн карама майына жана кумшекерге 90 календардык күндүк колдонуу мөөнөтү менен бааларды убактылуу мамлекеттик жөнгө салуу киргизилди.

Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигине Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 22-апрелиндеги №242 токтому менен бекитилген социалдык жактан маанилүү товарларга бааларды мамлекеттик жөнгө салуу тартибине ылайык, аталган тамак-аш продуктуларына бааларды мамлекеттик жөнгө салуу боюнча чараларды көрүүсү тапшырылды.

Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине кабыл алынган чечим тууралуу Евразия экономикалык комиссиясын жана Евразия экономикальк бирлигине мүчө мамлекеттерди белгиленген тартипте кабарлоосу тапшырылды.
Чечимге Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов тарабынан кол коюлган жана ал расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.