Үч мамлекеттеги элчиликке жана Стамбулдагы башкы консулдукка кайсы талапкерлер жактырылды?

Бишкек, 11.05.2021 Sokol.media 

10-майда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети Кыргызстандын чет мамлекеттердеги өкүлчүлүктөрүндөгү кызмат орундарына бир катар талапкерлерди бекитти.
Талкуунун жыйынтыгында ,
Султанов Талант Кушчубаевич — Кыргызстандын Түркмөнстандагы элчиси кызматына;
Базарбаев Таалай Чолпонбекович — республиканын Италиядагы элчиси жана БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмундагы, БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасындагы жана Римдеги башка эл аралык уюмдардагы Кыргызстандын туруктуу өкүлү кызматына;
Карагулов Азамат Омарбаевич — Кыргызстандын Кувейттеги элчиси кызмат ордуна;

Сыдыкова Лира Эсенгуловна — Кыргыз Республикасынын Стамбул шаарындагы (Түркия) Башкы консулунун кызмат ордуна бекитилди.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.