Бишкек шаарына коңшу Өзбекстандан газ менен жүрүүчү 350 автобус алынып келинет

Бишкек, 11.05.2021 Sokol.media

Бишкек шаарына коңшу Өзбекстандан газ менен жүрүүчү 350 автобус алынып келинет. Бул тууралуу мериянын басма сөз кызматынан кабарлашты.

«Бүгүн, 11-майда Бишкек шаардык мэриясынын шаардык транспорт башкармалыгы менен «Эко жүргүнчүлөрдү ташуу» компаниясынын ортосунда кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюу аземи болуп өттү. Меморандумга ылайык, «Эко жүргүнчүлөрдү ташуу» компаниясы Бишкекке Өзбекстандын өндүрүшүндөгү жапон ISUZU брендинин 350 газ менен жүрүүчү экологиялык автобустарын жеткирүүнү милдеттенет», — деп жазылат билдирүүдө.

Автобустардын биринчи партиясы шаардын каттамдарына 2021-жылдын 1-июлуна чейин жеткирилет.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.