Жалал-Абадда бир нече уурулук фактыларына шектүү кармалды

Бишкек, 10.05.2021 Sokol.media

Жалал-Абадда бир нече уурулук фактыларына шектүү кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин Басма сөз кызматы билдирди. 

Жалал-Абад ШИИБне 1993-ж.т. шаар тургуну Э.Р. арыз менен кайрылып, 2021-жылдын 3-май күнү 17:00 чамасында көп кабаттуу үйдүн подъездинен баасы 20 000 (жыйырма миң) сомдук «Трикс» үлгүсүндөгү велосипедин белгисиз кылмышкерлер уурдап кетишкендигин билдирген.
Аталган факты Жалал-Абад ШИИБдин КЖБРне КРнын Жазык кодексинин 200-беренеси (Уурдоо) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган.
Жалал-Абад ШИИБдин Криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери тарабынан аталган фактынын бетин изин суутпай ачуу максатында жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында, Жалал-
Абад шаарынын 1986-ж.т. тургуну А.Д. кармалып, 2 айга убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Тергөө иштеринин жүрүшүндө А.Д. өзүнүн кылмыштуу шериктери менен биргеликте 2020-жылдын апрель айынан тартып ушул күнгө чейин бир топ батир уурулуктарын жасашып, мал, телефон, үй тиричилик
техникаларын, унаа тетиктерин, кийим-кече, азык-түлүктөрдү уурдап жүрүшкөндүгү белгилүү болгон. Жалпысынан келтирилген чыгым 100 000 (бир жүз миң) сомдон ашуун каражатты түзгөн.
Учурда тергөө амалдары уланууда.

 

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.