Тажиктердин кол салуусунда колдонулган тик учак катуу жабыркаганбы?

Бишкек, 10.05.2021 Sokol.media

Тажиктердин кол салуусунда колдонулган тик учак катуу жабыркаганбы?

Расмий Душанбе реалдуу жоготууларын жашырууга канчалык аракет жасабасын, бир катар маалыматтар ачыкталып калды. Мисалы, кыргыз айылдарына ок аткан тик учак жабыркаган экен, аны Исфара шаарына араң көндүрүшүптүр.

Рулда отурган учуу командири жети жеринен жараат алып, учурда оорукананын жандандыруу бөлүмүндө оор абалда жатыптыр.

Редакциянын өздүк булагынын маалыматына караганда, карапайым жарандардын арасынан 16, ИИМ кызматкерлеринин 48, чек арачылардан 29, аскерлерден 12 адам каза тапкан.

Жыйынтыгында, тажик тарап өз агрессиясы менен105 жаранынын өмүрүн кыйган, 300дөн ашуун адам ар кандай жарааттарды алып, ооруканага кайрылган.

Ушул жерден суроо пайда болот: ошончо адамдын өмүрүн алган, ден соолугун бузган апаатка жол баштоо, башка өлкөнүн аймагына куралдуу кол салуу керек беле?! Албетте, эмне себептен тажик бийлиги каза тапкандардын жана жабыркагандардын реалдуу санын жашырып жатканы бизге айдан ачык… Эмомоли Рахмонго боор ооруса да болгудай.

 

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.