Марлен Маматалиев: Депутаттар жыйынга айына эки гана ирет жолукса

Бишкек, 10.05.2021 Sokol.media 

«Республика — Ата Журт» фракциясынан Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев парламенттин регламентине өзгөртүүлөрдү киргизүү демилгесин көтөрдү. Өкмөттүн катышуусун талап кылган депутаттардын жалпы жыйындарынын санын кыскартуу сунушталды. Сунуштар Жогорку Кеңештин  сайтына коомдук талкууга коюлду

Учурда парламент шаршемби жана бейшемби күндөрү, жумасына эки ирет чогулат (комитеттер менен фракция жыйынын кошпогондо). Маматалиев депутаттардын жыйынга айына эки ирет — шаршемби жана бейшемби күндөрү (бир айда төрт отурум) гана чогулуусун сунуштап жатат. Ал эми жыйындын ортосунда өкмөттү алаксытпай, парламентарийлердин мыйзам чыгаруу жана шайлоочулар менен жолугуусу демилгеленүүдө. Депутат министрлер кабинетинин мүчөлөрү Жогорку Кеңешке көп бара берип, аларга өздөрүнүн түз милдеттерин аткарууга убакыт калбай жатканын айткан. Дүйшөмбү, шейшембиде алар ЖКнын комитеттер жыйынына чакырылса, шаршемби жана бейшембиде палатанын отурумуна, ал эми жума күнү фракциянын чогулушуна келиши керек. Мындан сырткары, министрлер кабинетинде да өздөрүнүн жыйындары өтөт.

Андан тышкары, парламентарий отурумда депутаттарга манжанын изи жана бетти тааныган биометриялык маалымат менен добуш берүүнү сунуштап жатат. Бул ишке кирсе, бир депутаттын экинчиси үчүн да добуш берип коюу адаты жоюлат. Ошондой эле, Маматалиев онлайн-жыйынга өтүп, тагыраагы, видеоконференция тартиби менен иштөөнү сунуштады. Онлайн-отурум өткөрүү чечимин парламенттин төрагасы өз алдынча же ЖК депутаттарынын үчтөн биринин добушу менен кабыл алынышы керек.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.