Кыргызстандын жарандарын барымтага алып, зомбулук көрсөткөнү үчүн Тажикстанга кылмыш иши козголду

Бишкек, 10.05.2021 Sokol.media

29-апрелдеги кыргыз-тажик кагылуушусунда  Кыргызстандын жарандарын барымтага алып, аларга зомбулук көрсөткөнү үчүн Тажикстанга кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Аталган факт Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин «кыйноо» беренеси боюнча катталып, 8-майдан тарта Лейлек районунун ИИБИ тарабынан тергелип башталды.

Эске салсак, 29-апрелде тажик аскер агрессиясынан кийин Кыргызстандын 10 жараны барымтага алынганы белгилүү болгон.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.