Кыргызстандагы дарыгерлердин айлык акылары канча болоору белгилүү болду

Бишкек, 10.05.2021 Sokol.media 

Күбөлөндүрүлгөн үй-бүлөлүк дарыгерлерге жаңы ставка боюнча эмгек акы төлөнөт. Бул тууралуу Милдеттүү мединациналык камсыздандыруу фонду билдирди.Маалыматка ылайык, күбөлөндүрүлгөн үй-бүлөлүк дарыгерлери жана жалпы практиканын дарыгерлери өкмөттүн жакында чыккан токтомуна ылайык жаңы тарифтер боюнча айлык алышат. Учурда ММК фонду эмгек акыны эсептөө боюнча тийиштүү процедураларды жүргүзүүдө, деп айтылат билдирүүдө.

Тактап айтканда, калкка алгачкы медициналык-санитардык жардам  көрсөткөн бардык күбөлөндүрүлгөн үй-бүлөлүк дарыгерлер жана жалпы практиканын дарыгерлеринин 5000 сомдон 10000 сомго чейин көтөрүлдү.

Базалык айлык акыга кошулган бардык үстөк акылар жана компенсациялык кошумча төлөмдөр, атап айтканда, республиканын бийик тоолуу жана алыскы райондорунда, айыл жерлеринде, ошондой эле өзгөчө эмгек шарттарында иштегендиги үчүн төлөнгөн акылар сакталып калууда.

Мындан тышкары,  «Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген врачы», «Кыргыз Республикасынын саламаттыкты сактоонун эмгек сиңирген кызматкери» ардактуу наамдарына ээ болгон дарыгерлер үчүн, квалификациялык категориясы, эмгек стажы үчүн кошулган акылар да өзгөрүүсүз берилет.
Күбөлөндүрүлгөн үй-бүлөлүк дарыгерлердин айлыгы, пособиелерди эске алганда орто эсеп менен 17 миң сомду түзөт. Тажрыйбасы жана категориясы жок дарыгерлерге 10 миң сомдун тегерегинде акча берилет (салыктарды эсепке албаганда).

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.