Казакстанда өткөн эл аралык турнирде кыргыз балбандары 3 медаль жеңишти

Бишкек, 10.05.2021 Sokol.media

 Кыргыз Республикасынын Грек-рим күрөшү боюнча жаштар курама командасынын мүчөлөрү 7-9-май күндөрү Нур-Султан шаарында өткөн Жаксылык Ушкемпировдун элесине арналган грек-рим күрөшү боюнча эл аралык мелдеште 3 медалга ээ болушту.  Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктен билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, 82 килограммга чейинки салмак категориясында Орункул уулу Бекзат 1-орунду ээледи. Ал эми Аркыт Орозбеков (97 кг) жана Давран Садыков (130 кг) күмүш медаль тагынышкан.

Мелдешке Казакстан, Орусия, Грузия, Украина, Тажикстан, Кыргыз өлкөсү жана Өзбекстандан жалпы 250дөн ашык балбан катышкан.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.