АКШ Өзбекстан менен Тажикстанда аскерлерин жайгаштырышы мүмкүн

Бишкек, 10.05.2021 Sokol.media

 АКШ Өзбекстан менен Тажикстанда аскерлерин жайгаштырышы мүмкүн АКШ аскерлерин Афганистандан чыгарып кеткенден кийин, Борбордук Азияда жана Жакынкы Чыгышта аскер базаларын жайгаштырууну пландап жатат.

Бул тууралуу АКШдагы «The Wall Street Journal» гезити жазды. АКШнын президенти Жо Байдендин администрациясынын өкүлдөрү жана айрым аскер кызматкерлеринин айтымында, аталган эки өлкө Афганистан менен чектеш болгондуктан каралууда. Бирок бул аймакта Россия менен Кытайдын аскерлери бар болгондуктан, АКШ үчүн аскер базаларын жайгаштыруу татаал болот. АКШ бийлиги азырынча
 АКШ бийлиги азырынча базаларында аскерлерин жайгаштыруу боюнча Орто Азиядан уруксат сурай элек. Буга чейин Кошмо Штаттар апрель айында НАТОнун Афганистандагы аскерлери ушул жылдын 11- сентябрына чейин чыгарылаарын жарыялаган.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.