Сауд Аравия Королу Салман бин Абдулазиз Аль Сауд Президент Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Жеңиш күнү менен куттуктады

Сауд Аравия Королу Салман бин Абдулазиз Аль Сауд Президент Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Жеңиш күнү менен куттуктады
Сауд Аравия Королу Салман бин Абдулазиз Аль Сауд Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Жеңиш күнү менен куттуктады.

«Жеңиш күнүнүн майрамына карата биз чын жүрөктөн чыккан куттуктоолорубузду жана ден-соолук, бакыт-таалай каалаган тилектерибизди жолдойбуз. Ал эми Өкмөткө жана Кыргызстан элине мындан аркы өсүп-өнүгүүлөрдү каалайбыз», — деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Ошондой эле мураскер принц, Министрлер кеңешинин төрагасынын орун басары, Сауд Аравиянын Коргоо министри Мухаммад бин Салман бин Абдулазиз Аль Сауд дагы Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровго жана Кыргызстан элине Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 76 жылдыгына байланыштуу куттуктоосун жолдогон.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.