Казакстандын тунгуч Президенти Нурсултан Назарбаев Президент Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 76 жылдыгы менен куттуктады

Казакстандын тунгуч Президенти Нурсултан Назарбаев Президент Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 76 жылдыгы менен куттуктады
Казакстан Республикасынын тунгуч Президенти Нурсултан Назарбаев Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 76 жылдыгы менен куттуктады.

«Улуу Жеңиш биздин элдерибизди бириктирип, жалпы тарыхтын сыноосунан бирге өткөн тагдырлаш Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы достуктун айкын символдорунун бири болгонуна кубанычтамын. Кыргызстандын согуштун жана ооруктун каарман ардагерлерине чын дилимден ыраазычылыгымды билдирүү менен аларга бекем ден соолук жана бакубатчылык каалаган тилектеримди жеткирип коюуңузду өтүнөм, ал эми боордош кыргыз элине тынчтык жана өнүгүп-өсүү каалайм», — деп айтылат Нурсултан Назарбаев куттуктоосунда.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.