Жаңы бийлик Кумтөрдүн акчасын эмес Кыргызстандын кызыкчылыгын тандадыбы?

Кечээ 7-майда Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту “Кумтөр Голд Компани” ишканасынан мамлекеттин пайдасына 261 миллиард 719 миллион 674 сомду өндүрүү чечимин чыгарды.

Бул сумма жалпылап айтканда Кыргызстандын өткөн жылкы бюджетинен эки эсеге көп.

Бир караганда «бул окуянын эмнеси жаңылык да эмнеси эрдик “Кумтөр Голд Компани” көп жылдап Кыргызстандын алтынын казып пайда көрүп, экологиясын талкалап келген, төлөшү керек болгон нерсени төлөп жатат» дешиңиз мүмкүн.

Бирок “Кумтөр Голд Компани” көп жылдап алтыныбызды казып кетип, талкаланган экологиябызга алар эмес биз күнөөлүүдөй манчыркап тоготпой келгенин жакшы билебиз.
Эч ким «мышыгын пыш» дей албаган Кумтөрдөн Кыргызстандын экологиясы үчүн мамлекеттин пайдасына (жеке чөнтөккө эмес) 261 миллиард сом (!) өндүрүү чынында эле эрдик.

Мындан улам жаңы бийлик Кумтөрдүн акчасын эмес Кыргызстандын кызыкчылыгын тандадыбы деген сүйүнүчтүү суроо жаралат.
Эми ал акчаларды ууруларга майкандатпай элдин кызыкчылыгына иштетсе чыныгы эрдик болот!

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.