Турат Мадылбеков, экс-депутат: «Азыр Садыр жапаров менен Камчыбек Ташиевди сындай турган, доомат коё турган мезгил эмес»

Турат Мадылбеков, экс-депутат: «Азыр Садыр жапаров менен Камчыбек Ташиевди сындай турган, доомат коё турган мезгил эмес»
-Турат агай, Адахан Мадумаров кыргыз-тажик чек арасындагы окуялардын чыгышына “бийликте турган азаматтар” күнөөлүү деди. Бирок, чек арада кандуу окуянын чыгышына ал кол койгон протоколдун дагы тийешеси бар деген пикирдегилер бар. Мааниси өтө чоң участокту берүү тууралуу меморандум түзүп, кол койгон адамдын бүгүн жаңы бийликти сындап, акыл айтууга моралдык укугу барбы?
-Адахан Мадумаров Бакиевдин, Акаевдин убагында бийликтин туу чокусунда жүрдү. Мамат Айбалевдин айтканы туура болсо, Мадумаров Баткендеги согуштун күнөөкөрү болуп калышы да мүмкүн. Азыр Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевди сындай турган, аларга доомат коё турган мезгил эмес. Андан көрө жабыркап жаткан адамдарга жардам берип, талкаланган имараттарды калыбына келтирип, элдин көз жашын аарчышыбыз керек. Ошондой эле жаракат алып, дарыланып жаткандарга жардам беришибиз керек. Бийликке болгон дооматыбызды убакыт өткөндөн кийин коюп, сыныбызды ошондо айтсак туура болот. Азыр сындаша турган учур эмес.
-Сен күнөөлүсүң же мен акмын деп отура бергенибиз туурабы же протоколго кол койгондордун кесепетинен болгон согуш иликтениши керекпи?
-Негизи депутаттык комиссия түзүп, ошолор кайсы чиновниктин күнөөсү канчалык экенин иликтеп, анан корутунду чыгарышы керек. Ошондой эле саясатчылар популисттик сөздөрдү айтуудан оолак болуп, элди козутпай ынтымакка чакырышыбыз керек. Эң негизгиси чоң трагедия болуп турганда бири бирибизди күнөөлөөдөн мурда тажиктердин агрессордук кадамын согуш катары баалашыбыз зарыл. Ошон үчүн кыргыз эли ынтымакта болуп, эл аралык коомчулукка билдирип, эл аралык уюмдарды чакырып, тажиктерди жоопко тартууну суранып, далилдерди көрсөтүп беришибиз керек. Тагыраагы, бири-бирибиз менен жулмалашып отурбастан, чек арага биздин территорияга кирип келип, жарандарыбызды өлтүрүп, барымтага алып, уурдап, тоноп мародёрчулук кылып, бир топ кылмыштын түрлөрүн жасаган тажик аскерлеринин керек болсо, афганистандан келген тажик улутундагы адамдарды таап, далилдеп беришибиз керек. Ошондой эле дүйнө жүзүн Эмамоли аскердик кылмыш жасады деп кабардар кылышыбыз зарыл. Каза болгон жарандарыбыздын арбагын сыйласак да, ынтымакка келип, жетекчилерди күнөөлөбөй моралдык, психологиялык жактан колдоп турушубуз абзел. Бул окуя боюнча Мамлекеттик комиссиябы же депутаттык комиссиябы түзүп, эл аралык уюмдардан да комиссия түздүрүп, тыкыр иликтетишибиз керек.
Кыскасы, тажиктин президентинен согушта кошо жүргөн губернаторуна чейин жоопко тарттырышыбыз зарыл. Ошондой эле чек арадан өтүп, согуш жасай турган болсоңор аскер трибуналына чейин чакырылып, азабыңарды жейсиңер дегендей түр көрсөтүшүбүз керек. Кыскасы, алар жазаланмайын биздин жарандарыбыздын каны аларды эч качан кечирбейт экенин эстен чыгарбашыбыз керек.
Бул согуш жаңы бийиктин чек ара тактайм дегенинен чыктыбы же маселе чегине жетип, жарылайын деп калгандан чыктыбы?
— Мен бул согушту эгемендикке ээ болгондон бери чогулуп келген сыздоок жарылгандай кабыл алдым. Тагыраагы, муну азыркы битйликке көңтөрө салуу туура эмес. Чындап келгенде 30 жыл мурун чечкенде азыркыдай жагдай болмок эмес. Мурунку бийликтердин шалаакылыгынан чек ара такталбай, канчалаган жерлерибизди алдырдык. Жаңы бийлик болгону талаштуу маселлерди чечеип, чек араны тактайлы деди. Ошон үчүн буларга доомат коюп, каралабашыбыз керек.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.